www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков «Султанбеков Бишкек шаарынын мэриясына кызматка барды» деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу ал Facebook баракчасында билдирди.
«Мен Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев менен жолугуп, шаардын көйгөйлөрүн жана аларды чечүү жолдорун талкууладым. Ал ар кандай жардамды сурады: биз бардык деңгээлдеги адамдардын жыргалчылыгы үчүн ар кандай жардамды колдон келишинче берүүгө даярбыз.
Журналисттер мэрияга жумушка орношу деген маалымат боюнча сурап жатышат. Менин жообум: Жок.
Мындан дагы чоң кызматтар сунушталган, бирок мен баш тарткам, эми парламенттик шайлоого даярданып жатам, бирок элдин жана өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштегендердин баарына жардам берүүгө даярмын», – деп жазган ал.
Эске салсак, вице-мэр Жамалбек Ырсалиев Темирлан Султанбеков анын кеңешчиси болгонун айткан.
Булак: NazarNews.kg