www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандагы белгилүү "Азия-плюс" көз карандысыз маалымат агенттиги мамлекеттик гезит-журнал комплексиндеги кеңсесин бошотуу жөнүндө эскертүү алды.

Агенттик биринчи кабаттан ушул эле имараттын он үчүнчү кабатына көчүрүлөт. Ал жакта акыркы жолу совет мезгилинде ремонт жасалган. Бошотулган бөлмөлөр мамлекеттик “Ховар” маалымат агенттигине берилет.

Белгилей кетсек, "Азия-плюс" агенттигинин аткаруучу директору Искандар Икроминин айтымында, алар бул имаратка 14 жыл мурун келишкен. 2006-жылы бул жер кароосуз калган мончо болгон. “Азия-плюс” өз убагында ижара жана коммуналдык кызмат акыларын төлөп турган. Агенттиктин акчасына кеңседе жакшы ремонт жасалган.

Комплекстин администрациясы сунуштаган жерде телекөрсөтүү жана радиоуктуруу үчүн студияларды жасап, жабдууларды орнотуу үчүн көп убакыт жана каражат талап кылынат.

"Эгер ал жакка көчсөк туруктуу электр кубаты менен камсыздоо эң негизги маселе болот. Башкы имаратта жарык үзгүлтүккө учурап турат, ал болсо биздин ишибизге таасирин тийгизет”, - деди Искандар Икроми.

Бул арада комплекстин администрациясы агенттиктен ижара акысы жеңилдетилген шартта алынарын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости