www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тентек балдар суука тоңуп кала жаздашты

Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында эки кичинекей бала кароосуз калып, суукка тоңуп кала жаздады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ат-Башы районунун акиминин орун басары Ажар Дюшеналиева билдирди.
Маалыматка караганда, 2018-жылдын 12-январында саат 19:40 чамасында Ат-Башы айылынын тургундары бактардын арасында үшүп турган эки баланы көрүп, милиция кызматкерлерине билдиришкен. Милиция кызматкерлери үшүп калган балдарды айылдагы ооруканага алып барышкан. Балдар ооруканада бир күн медициналык кароодон өтүп, суук тийбегени жана абалы жакшы экендиги аныкталган.
«Балдардын ата-энеси ажырашканына көп болуптур. Келин балдарын багыш үчүн аларды Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды айылындагы энесинин үйүнө таштап, Бишкек шаарын көздөй иштегени кеткен. Балдар башталгыч класста билим алып жатышкан. Таенесинин айтымында, окуя болгон күнү неберелери сыртта ойноп, өзү үйдө тамак бышырып жаткан. Сыртка чыгып неберелерин таппай, айылдагы аймактык милицияга кайрылган. Андан көп өтпөй балдар Ат-Башыдан табылыптыр», - деди Ажар Дюшеналиева.
Ат-Башы РИИБ тарабынан балдардын энеси Бишкектен чакыртылып, энелик укуктан ажыратуу маселеси комиссияда каралган.
«Ат-Башы РИИБ тарабынан бул балдардын кароосуз сыртта калганы балдар иштери боюнча комиссияда каралды. Бишкекте иштеп жүргөн апасы да келип, күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сурап ыйлады. Ал Бишкек шаарындагы жумуштарын таштап, балдарын өзү багуу боюнча милдеттенме алды. Комиссияда энелик укуктан ажыратуу маселеси дагы каралып жаткан эле», - деп кошумчалады.
Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган үй-бүлө социалдык колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмесинде бар,- деп жазат turmush.kg сайты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости