www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл 26-январда Бишкек Жылуулук электр борборунда авария болуп, -20 градустан ашкан катуу суукта шаардыктар жылуулуксуз калышкан. Андан кийин эле, «оппа» деп, Өкмөт жууркан таратып, алды ТЭЦдеги тоңгон музду карабай алды “жиндидей” болуп ары-бери чуркай бергени эсибизде.

Андан кийин эле, Бишкек Жылуулук электр борборундагы аварияны иликтеген депутаттык комиссия түзүлүп, күнөөлүүлөрдү таптык дегендей кылышкан. Ал тургай алдына Кылмыш-жаза кодексинин ("шалаакылык") беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Көрсө, биздге жеткен такталбаган бирок, чындыкка жакын маалыматтарга таянсак, ТЭЦтеги 386 млн АКШ долларды “ап” этип жегендердин арасында 30 депутаттын тизмеси бар экендигин уктук. Ошентип, февралда түзүлгөн депутаттык комиссия авария менен катар модернизацияга кеткен Кытай насыясын да иликтеп жатып, өздөрүнүн жанынан "уурулар" чыгып калган имиш. Ме сага, бармак, сөөмөй, ортон кол!

Эске сала кетсек, өткөн жылы ТЭЦ толук модернизацияланган деп, ачылышы жасалган. Кытай берген 386 миллион доллар максатсыз пайдаланып, катардагы аттиштер 600 долларга сатылынып алынган.

Мындай жаңылык кыргыздардын гана эмес, Кытай бийлигинин оозун ачырган. КЫРГЫЗГА күйбөгөн айрым кыргыз чиновниктеринин Кыргызстанга гана эмес кыргыз элине эмне кереги бар! Демек булар кыргыз элинин ички душманы, мындан башка сөз жок!  КР Президенти Сооронбай Жээнбеков, 386 млн долларга тийешеси бар "ачкөз көпөстөрдүн" аты-жөнүн ачыкка чыгарып же Лукашенко айткандай "оптом" атып эле салса жакшы болот беле...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости