www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов Жогорку Кеңештин профилдик комитетине 2016-жылдагы абал боюнча баяндама жасайт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Бул иууралуу маалыматты Азаттык маалымат агенттиги билдирди.
Улуттук борбордун маалыматына караганда, кыйноонун 85 пайызы Ички иштер министрлигине тиешелүү, анда кыйноо кылмыштын бетин ачуу үчүн колдонулат. Арасында кыйноо балдарга жана аялдарга каршы колдонулган учурлар да бар.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 2011-жылдан бери кыйноого байланыштуу айыпталган милиция кызматкерлери соттолгон беш учур катталган.
Кыргызстанда кыйноо боюнча берене Кылмыш-жаза кодексине 2003-жылы киргизилген жана 2011-жылга чейин кыйноо үчүн айыпталган күч кызматкерлери тууралуу маалымат жок. 2017-жылдын он айында Башкы прокуратурага кыйноого байланыштуу 325 адам жардам сурап кайрылган. Анын ичинен тогуз даттануу УКМК, бешөө Жаза аткаруу, 311и милиция кызматкерлеринин үстүнөн түшкөн.
Булак: NazarNews.kg