www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту “Эркин эл” саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбековдун ишин кароону улантат. Бул күнү сот өкүмүн чыгарат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу Азаттык билдирди.
“Биринчи май райондук сотто менин акыркы сөзүмдү айтам. Андан кийин соттун чечими чыгат”, - деп билдирди “Азаттык” радиосуна Аскарбеков.
3-апрелге белгиленген соттук отурум судья Эмил Кайыповдун ооруп калганына байланыштуу бүгүнкүгө калган.
Мавлян Аскарбековго карата Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси (“Бийликти күч менен басып алууга үндөө”) боюнча кылмыш иши козголгон. Ал 2017-жылдын 16-январындагы авиакырсыктан жапа чеккен Дача СУ жана Учкун-2 конуштарынын тургундары менен жолугушууда “бийликти басып алууга чакырган” деп айыпталууда. Жыйында айтылган сөздөрдү Улуттук университеттин, БГУнун, Илимдер академиясынын, Юстиция министрлигинин кызматкерлери талдап чыгышкан.
Айыпталуучу жана адвокаттар сот ишти акыйкат карабай, Конституциялык укуктары бузулуп жатканын айтып, бир нече жолу ишеним көрсөтпөө тууралуу доо арыз берген. Сот арызды канааттандырган эмес.
Булак: NazarNews.kg