www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКСке жаңы ачендик дайындалары менен ага карата сын айтылды. Сагынбек Исмаиловду президент өзү колдоп, таза иштеп бересиң деп алып баргандан кийин, казынаны шимип олтургандар калчылдап, күчкө кире электе жаман атты кылып коёлу дегени билинип калбадыбы. Азыр Исмаилов элдин, президенттин ишенимине ээ болом десе, ТЭЦтеги 386 млн доллардын дайынын көп созбой табышы керек. 386 млн доллардын 30 млн доллары ошол кездеги президенттин аппаратына кирген деген сөз тарап жатат. Ал кезде ким аппаратты башкарып турса, ошол адамды эле беш мүнөткө СНБнын жер төлөөсүнө алып келсе баарын сайрап бербейби, туурабы?… Калган акча кимдин капчыгына түшкөнү заматта эле ачыкка чыгат да калат. Чети айтыла баштабадыбы, калганын Исмаилов таап чыгаар. Чыгат. Күтүш керек, деп жазат “Жаңы ОРДО” гезити.
Такталбаган маалыматтарга таянсак, ТЭЦке сарпталган 386 млн АКШ доллардын 100 млн доллары бир эле аткаминерге таандык. Акча келген күнү эле үйүнө “фура” менен жеткирилген имиш. Бул маалыматы билген айрым чиновниктер акырын эл арасында айтып жүргөнү айтылууда.
Баса, өткөн жылы 31-августта ТЭЦдин ачылышына катышкан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден кабар жок го. Атамбаевди ТЭЦдин ремонт иши зыңкыйды деп алдагандарды “жоопко тарткыла” деп үн катып койсо жакшы болот беле?
Булак: NazarNews.kg