www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 23-мартта Ош облусунун Араван районунда грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатын жеңип алган Акжол Махмудовду куттуктоо аземи  болуп өттү. Салтанатуу азем, Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Гаипкулов жана Кубанычбек Нурматовдун демилгеси менен уюштурулду. Бул иш-чара менен катар эле Чек-Абад айыл өкмөтүндө Нооруз майрамы дагы белгиленди.

«Ош» эл аралык аэропортунан грек-рим күрөшү боюнча Азиянын чемпиону Акжол Махмудовду Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов, Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин кызматкерлери, спортчунун жакындары жана шаар жаштары салтанаттуу тосуп алышты.

Кыргызстандын намысын коргогон чемпионду куттуктоо аземине депутаттар: Искендер Гайипкулов, Төрөбай Зулпукаров, Алмазбек Акматов, Кубанычбек Нурматов, Таалайбек Масабиров, Улан Примов, Азамат Арапбаев жана ИИМдин экс министри, "Эркин Күрөш" федерациясынын президенти Мелис Турганбаев катышышты.

А.Махмудовго Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана 50 миң сом акчалай сыйлык, Ош областтык админстрациясы 50 миң сом жана Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун демилгеси менен “Оомат строй” курулуш компаниясынан атынан Акжол уулу Жоомарт, Бишкектен 2 бөлмөлүү квартира, Араван районунун атынан Ош шаарынан 1 бөлмөлүү квартира, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Гаипкулов “Каганат” патриоттук демилгелерди колдоо фондунун атынан 100 миң сомдук сертификат тапшырды. Мындан сырткары Араван районунун жеке ишкерлери 1миллион сомдон ашык акчалай сыйлык беришти.

Кыргыздын сыймыгы болгон Азия чемпиону Акжол Махмудовго жакшы каалоо-тилектер айтылып, дүйнө чемпиону болушу үчүн баардык шарттар түзүлө тургандыгын аталган топ убада кылды.

Белгилей кетсек, Акжол Махмудов — кадеттер арасында Азиянын эки жолку, жаштар арасында жана чоңдор арасында бир жолку чемпиону. Кадеттер арасында дүйнө чемпиону жана чоңдор арасында күмүш байге ээси болгон.

Бул ирет 27-февралдан 4-мартка чейин Бишкекте өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатында 72 килограммга чейинки салмак категориясы боюнча алтын тагынып, Азия чемпиону болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости