www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ТВЕА фирмасы менен Бишкек ТЭЦти модернизациялоого 386 миллион долларлык келишим мамлекеттин кызыкчылыгына каршы түзүлгөн деген кылмыш иш боюнча айып Сапар Исаковго гана угузулду. Муну уккан Сапар, өзүн жоготуп, телекамераларга “я в шоке” дегенин элдин баары укту.
Бирок, эң кызыгы ошол кездеги өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевди жана келишимди парламенттен ратификациялоодо коргогон Энергетика министри Осмонбек Артыкбаевди УКМК шок кылганга жараган жок. Сапар Исаков башкарган күндө дагы, кол коюп бергендер кимдер?
Эмне үчүн алар жоопко тартылбайт? Же жалгыз эле Сапар Исаков ТЭЦтеги терс жакка кеткен тыйынды “оп” тартып койгонбу? Башкаларга деле “коррупция” менен кылмыш иш козголбосо, коррупция менен күрөштүк дегенге анча окшобой кала тургандай болуп туру…
Булак: Жаңы ОРДО