www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бурулайдын өлүмүнө жол бергендер катуу жазаланышы керек. Мындай талабын мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин алдына койду. 

“Милициянын мындай шалаакылыгы, жоопкерсиздиги жана кесипкөйсүздүгү элдин нааразылыгын туура эле жаратып жатат. Кыздын өлүмүнө айыптуулардын баарын катуу жазалоону, кызматтан алгандан баштап кылмыш жообуна тартууга чейинки чара көрүлүшүн талап кылам” деди Жээнбеков.

29-май күнү Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө 20 жаштагы Бурулай Турдали кызын ала качып бараткан киши аны мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салган.

Маркумдун жакындары окуя үчүн милицияны айыптап, кыздын өлүмүнө күнөөлүү адамдарды жазалоону талап кылууда. Прокуратура милиция кызматкерлерине "Шалаакылык" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости