www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда ырчылардын арасында, саясат жана ар тармакта өзүн зыңкыйта көрсөтө билген жылдыздар чанда гана. Алсак, өзүнүн популярдуулугун жоготпогон, тоң моюн, Атамбаевдин бийлигинин убагында, саясый буйрук менен каттуу кагуу жеген, атактуу ырчы Бек Борбиев өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу мурдагы бийликке сын айттып, өзүнүн жеке пикирин билдирди.
--“Сапар Исаков флешмоб аркылуу акталгысы келет окшойт, күлкүлүү кылык. Күнөөсү жок деп пост жазып аткандарга да таңкаласын, силер эмне тергөөчү же сотсуңарбы? Бирок чынында тергөөсү жок эле кандай коррупциялык иш кылганыңды эл билип калды. 8 жылда миллионер, алды миллиардер болушуптур, элдин эсебинен, элди башка элге карыз кылып.
Өлүм жазасын киргизгенге мен дагы кошулат элем. Кытайлар казнаны уурдаган ууруларына өлүм жазасын Кыргыз Каганатынан көрүп анан киргизишкен. Ал мыйзам биз Ала Тоону жердегенде калып калган, а кытайлар улантып келет. Алар өнүгүүдө, а биз..?! Эми бул маселе ачуулук өткөн чак. Бирок жеген акчаларын кайра кайтарып алуу жагын катуу талап коюп, көзөмөлгө алса болчудай жана бул иштерди, дегеле карызга келген акчаларды ар бир жаран онлайн аркылуу көрүп тургудай болсо жакшы болот эле.
P. S. Жээнбеков мөөтүнүн акырына чейин ийгиликтүү олтурам десе, анда ууруларды камап, кустуруп, өзү таза иштеши керек. Ийненин көзүндөй ката кетиргенге акысы жок. Анын катасын АШАнын ууру командасы же жөн гана трайбалист маңкурттар издеп андып олтурганы сыр эмес, - деп жазган атактуу ырчы, Бек Борбиев.
Булак: NazarNews.kg