www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июнда өлкөнүн Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коомчулуктун пикирин эске алуу менен бардык багыттар боюнча, анын ичинде Президенттин аймактарды өнүктүрүү боюнча Жарлыгын, “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чаралар жана милдеттер, “Таза коом” долбоорунун алкагында “Түндүк” программасын ишке ашырууну көзөмөлдөө ж.б. багыттар боюнча Өкмөттүн ишмердиги кеңири талдоого алынганы тууралуу айтып берди.

Белгиленген бардык багыттар боюнча программаларды жана долбоорлорду натыйжалуу жана өз учурунда ишке ашыруу үчүн Өкмөт ачык-айкын кадамдарды иштеп чыкты.

Экономика чөйрөсүндөгү маселелер, инвестициялар үчүн жана туризмдин өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, туристтик мезгилде жарандардын жана чет элдик туристтердин коопсуздугун күчөтүү, жолдордогу коопсуздукту камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле социалдык тармактын маселелерине, анын ичинде балдарды коргоо маселесине да токтолду. “Балдар үйлөрүндө жана интернаттарда ата-энесинин экөө тең бар туруп, тирүүлөй жетим болуп калган балдар томолой жетим балдарга караганда бир нече эсе көп. Жылдан-жылга балдар үйлөрүнүн саны да көбөйүп жатат. Алардын санын кыскартыш үчүн бул системаны реформалоо керек, бала асырап алуу системасындагы бюрократияны азайтуу зарыл. Балдар интернаттарда жана балдар үйлөрүндө эмес, үй-бүлөлөрдө чоңоюшу керек. Анткени Кыргызстанда бала багып алгысы келгендер көп”, - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости