www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыл аягына чейин Кыргызстанда “Tez Jet” авиакомпаниясын жабуу тууралуу сунуш түштү. Бул тууралуу транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында айткан.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, министр эгер “Tez Jet” авиация ишканасы жабылса ички, тышкы каттамдарды тейлей албай калуу коркунучу бар экенин билдирген.

Быйыл 1-мартта "Tez Jet" авиакомпаниясынын Бишкек-Баткен каттамында бараткан учагынын бир кыймылдаткычы күйүп кетип, жарым жолдон кайра “Манас” аэропортуна конууга аргасыз болгон.

Жарандык авиация агенттигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын өзүнүн “Ait Manas”, “Авиатрафик”, “Tez Jet” авиакомпаниялары иштеп жатат. Алардын учууга жарактуу 17 учагы бар. Ал эми “Эйр Кыргызстан” ишканасы өкмөттүн чечими менен сатыкка коюлган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости