www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АШАнын ашмалтайы чыктыбы?

1. Атамбаев: “Дүйшөбаев Апрель революцияга чейин тамекиге пирожкиге акча сурап жүргөн, анан миллионер болуп чыкты”.

Не дейт ботом? Элдин баары ачка жүргөндө Атамбаев аларга пирожки алып берип өзү жазуучулардан уурдап алган миллионго казы-карта чайнап жүргөнбү ошондо?

2. Атамбаев: “Мени каралап атышат, жок кылууга аракет кылышты”.

“Коркконго кош көрүнөт” болуп жаткан жоксузбу? Адатта элдин баарын сиз каралап ашмалтайын кетиресиз го? “Балашка”, “Эдичка”, “жыгач генерал”, “Теке”, “сасык партия” – деген сиздин терминдер эмеспи?

3. Атамбаев: “ Сатып кетиши”.

Кимге сатты? Кайда сатты? “Арашанда” жамбаштап жатып башкарам дедиңиз беле? Жээнбеков бир адамдын эмес, элдин президенти болгонуна сүйүнүшүңүз керек эле. Экс президент Отунбаевадан үлгү алып “Апрель” каналын эмес, “Апрель” фондун иштетип тынч жүрсөңүз эл тарабынан сый урматка ээ болор элеңиз.

4. Атамбаев: “Мени сындыра алышпайт”.

Өзүнүн көлөкөсү менен күрөшкөн Атамбаевди кайра эле “Атамбаев” өзү сындырат.

5. Атамбаев: ” “Жакшылыктар да болду Алия төрөдү”.

Кут болсун! Небере жытына мас болуп ырахаттанып өмүр сүрсөңүз ким кой деди?

6. Атамбаев: “Мен да адаммын адашам, кадр жагынан көп адаштым ката кылдым, бирок эл жер деп иштедим”.

Адашканда да көп жолу адаштыңыз. Элди жеген мителердин бир муунун өстүрүп чыктыңыз. Өлкөнү шопурларга, таразачыларга, жан сакчыларга, “кабылдама ханышаларын”, анан жемкорлорго талатып жибердиңиз.

7. Атамбаев : “Ушакчылар кыйкырса дагы пока я был президент жашоо кыйла оңолду”.

Туура айтасыз. Албектин, Сапардын, Индиранын, Аскардын, Икрамдын, Абдилдин, Болоттун, Кубанычбектин дагы башка жаныңызда жүргөн “жан жөкөрлөрдүн” жашоосу кыйла эле оңолду. Бирок, элдин жашоосу эмес.

8. Атамбаев: “Элдин турмушу оңолду свет, газ, жол оңдолду дух көтөрүлдү”.

Свет өчпөй калганы чындык. Бирок 700 киловатт корогондон кийин “акылдуу эсептегичтер” 2,16 тыйындан чөнтөктү кагып жатканы да чындык. Балдарыңыз “Автомашэлектро” аркылуу электроэнергияны Токтогул ГЭСинен арзан алып кымбатка сатып жатканы да чындык. Элдин духу алмустактан бери эле көтөрүңкү Болгону сиз аны түшүрбөңүз.

9. Атамбаев: “Көчмөндор оюндары элди патриот кылды башын көтөрүштү”.

Тилекке каршы бул жерден да “сары балдарыңыз” бир топ эле “ашап” калды болуш керек.

10. Атамбаев: ” Эл айтып атат өзүн көтөргөн президент ушундай иш кылып атат, Байсалов Тербишалиев сыяктууларды көтөрүп атат”.

Сиз айтсаңыз болот, анан булар айтса болбойбу? Ар ким өз оюн айтууга акылуу го жарыктык.

11. Атамбаев: “Президенттик шайлоо эң чоң адашкандык болду элден кечирим сурайм”.

Эч ким “адашкан” жок. Болгону “арашанда жамбаштап жатып башкарам” – деп сиз адашкансыз.

12. Атамбаев: “ Азыркы бийликке коңшу өлкөлөрдөн да пиарщиктер келиптир”.

“Аягы суюк кайнене, келининен шектенет” болбоңуз. Алексей Василивецкийлердин заманы өткөн.

13. Атамбаев: “Азыркылар Максим Бакиев сыяктуу элдин караңгы сезимдерин ойготкусу келип атат”.

Азыркыларды Максимге алыштырсам эле эл мени ээрчийт деп ойлойт окшойсуз. Бирок бул сиздин гана кыял.

14. Атамбаев: “Мен өз эмгегим менен байыгам”.

Акаев, Жакышылыковдор жазуучулар союзунун акчасын уурдап байыган деп жатат го?

15. Атамбаев “Килтейген заводдор чач-тарачтан өйдө. Менде бар болчу”.

Азыр ошол чач-таранчыңыз кайда? Чач алдырып туралы. Килтейген заводуңуздан башкаларды “шыбаш үчүн” жалаң баткак чыгат болушу керек ээ?

16. Атамбаев: “Бизнесмен болгом, ошончо акча таап үй салсам күнөөбү?

Эгер ак эмгек менен салсаңыз күнөө эмес. Эгер Максимдин “Дастан” заводунан тартып алган жерге, Дача-Сууга кулаган учак ташып келген контрабандалык товарлардын эсебинен салсаңыз, анда чоң күнөө.

17. Атамбаев: “Мамлекеттик кызматта иштеп байыгандарды кармаш керек, өз эмгеги менен акча тапкандарды эмес.”

Туура айтасыз. Ошон үчүн мамлекетке иштеп байыган “балашкаларыңыз” камакта жатат да.

18. Атамбаев: “Айтматов ишенчээк болчу, ал сапатын колдонушчу, душман кылышкан мага, ал чындыкты көрүп абдан жакын болгонбуз. Мүрзөсү бүтпөй эстеликтери коюлбай жатты, манастын эстелигин анан маңдайына Айтматовдун эстелигин койгом”.

Жакшы иш кылыпсыз. Бирок кайырын чайыр кылып аны милдет катары айта бергендин кереги барбы?

19. Атамбаев: “ Сооронбай Жээнбеков ачкан Москвадагы эстеликти мен тандагам”.

Ал кезде баарын сиз тандагансыз. Албекти мэр кылып, Сапарды Өкмөт башчы кылып, уланды ИИМ министри, Абдилди УКМК төрагасы кылып, Кулматовду бажыга башчы кылып сиз тандагансыз.

20. Атамбаев: “ Ыплас нерселерге Айтматов сыяктуу улуу аттарды жармаштырбаш керек”.

Ал үчүн Атамбаев жазуучулардын акчасын уурдабаш керек.

21. Атамбаев: “Текебаевге мыйзам боюнча жаза туура колдонулган. Аны каматтырбай эле койсом болмок мыйзамды бузуп деген өкүнүч бар. Аны герой кылып аласыңар дегем. Бирок миллиондор ал тараптан алынган”.

Мындай ой сизге Леонид Маевский камалгандан кийин келдиби?

22. Атамбаев: “Январда мечит ачам. Ал жактагы гранит менен үйдөгү гранит окшош. Гранитти уурдады деген калп”.

Окшошуп калганы баары бир шек туудурат экен. Шайтан алгырдыкы десе. Окшошпой калса болмок.

23. Атамбаев: “В Душанбе и Бишкеке сравнивает цифры по ТЭЦ. Душанбе алтын кен берди, мен андай кылсам жеп салмак кыргыздар”.

Алар курду ТЭЦти. Сапарлар болсо жарымын жеп койду. “Жерүйдү” бердиңиз эле, эл сизди жеген деле жок го.

24. Атамбаев: “ Сапардын үй-бүлөсү ахвалы начар. Акча алса андай болмок эмес”.

Зилалиев деле ортозаар жашайм деген. Сапар анда кедей тура…

25. Атамбаев : “ТЭЦ куруп атканда мүмкүн бирөө уурдаган. Бирок Исаковдун күнөөсү эмне? ТБЕА компаниясын Кытай өкмөтү чечкен”

Сапар баш болуп уурдаган десеңиз эл алдында жүзүңүз жарык болмок.

26. Атамбаев  “ Ипподром Чолпон-Ата, тарых музей Бишкек мындай проекттер гранттык акчаларга салынган”.

Демек гранттык акчаларга салынган нерселерди жей берсе болобу?

27. Атамбаев: “ Прораб бирдеме уурдады балким тапсын кармасын”.

“Айранын ичкен кутулат, челегин жалаган тутулат” болбу ошондо?

28 . Атамбаев: “ Турция тарых музейге акча бөлүп анан мага таарынып акча бербей койгон”.

Туура эле кылган. Берсе дагы жеп коймоксуңар да.

Баса, «Текебаевди каматпай койсом болмок экен» дегени жана «Бабановго жөн эле куугунтук кылганбыз, мен анын алдында ыңгайсызмын» деген сөздөрү менен АША өз абийирин өзү ачып алган жокпу? Мыйзамды тебелеп туруп, адам тагдыры менен ойногонун мойнуна алдыбы? Андай болсо күч түзүмдөрү Атамбаевди жеке керт башынын кызыкчылыгы үчүн анын адам укугун тебелеп, жөн жерден саясатчыларды куугунтуктаганы үчүн кылмыш ишин козгосо болбойбу? - деп жазат "ЧЫНДЫК" сайты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости