www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Cуурулуп чыккан бешөө бар

“Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” кыргыз парламентинин ачыктыгы жана катардагы тургундар үчүн жеткиликтүүлүгү тууралуу сурамжылоо жүргүздү.

Анын жыйынтыгында сурамжылоого катышкандардын дээрлик 70% депутаттар менен байланышуу жолдору тууралуу кабары жок экенин айтып беришкен. Калгандары кат жазып, коомдук кабылдамага кайрылып, Жогорку Кеңештин интернеттеги сайтына кирип же социалдык түйүндөр аркылуу байланышса болорун айтышкан.

“Депутаттардын арасынан кимиси көбүрөөк ачык?” деген суроого респонденттердин 78% жооп берүүдөн баш тартышты.

Ал эми ысымы көбүрөөк аталган бешилтикке Акаев Жанар (КСДП), Бекешов Дастан (КСДП), Момбеков Рыскелди (КСДП), Касымалиева Аида (КСДП) жана Шыкмаматов Алманбет ("Ата-Мекен") кирди.

Социологиялык сурамжылоо 23-октябрдан 5-ноябрга чейинки аралыкта Бишкек, Ош шаарларында жана бардык облустарда телефон аркылуу жүргүзүлдү. Ага жалпысынан 1600 адам катышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости