www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Биринчи радиого» берген маегинде Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков өлкөнүн тигүү тармагында 9 миңге жакын гана адам расмий катталып, салыктарды жана социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөп жатканын билдирди.

Бул сан көпчүлүктү таң калтырбай койбойт. Анткени Кыргызстанда тигүү тармагы өндүрүштүн алдыңкы тармактарынын бири катары эсептелип, анда жүз миңдеген адамдар иштеп жатканы айтылып келет. Атүгүл, жумушчу күчү жетишпей, чет өлкөлүк жарандар – пакистандыктар, индустар тартылып жатканын да билебиз.

Анда суроо жаралат: калган иштегендер кайда?

Бул жагдай бир гана нерсени көрсөтүп турган жокпу – тигүү тармагынын басымдуу бөлүгү көмүскөдө иштеп жатат дегенди? Ошондуктан, салык кызматынын жетекчилиги башка тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте тармакты легалдаштыруу, көмүскөдөн чыгаруу боюнча ишти күчөтүүгө тийиш.

Мындан тышкары, учурда тигүү тармагынын экспортунда да олуттуу көйгөйлөр жаралууда. Айрыкча, чек арадан товарларды алып өтүүдө тоскоолдуктар көп. Бул маселелер дагы тиешелүү жетекчилерди ойлондуруп, ыкчам чара көрүүгө мажбурлашы керек. Тактап айтканда мына бул дагы биздин атка минерлерибизди камчылоочу маселе. 

Албетте, биз – жарандар, дайыма эле бийликтен талап кылып келебиз. Бул туура. Бирок жарандардын укуктары менен катар мамлекет алдындагы милдеттери да бар. Ошол милдеттердин эң негизгиси – салыктарды жана социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында төлөө.

Анткени бул төлөмдөр мамлекеттин өнүгүүсүнө, демек, ар бирибиздин бүгүнкү жана эртеңки бакубат жашообузга салынган инвестиция. Социалдык фондго төлөнгөн каражаттар эртең пенсия катары кайра өзүбүзгө кайтарылаарын да унутпашыбыз керек.

Последние новости