www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская журналисттерге карата чыккан сот өкүмүн сынга алды.

Бул тууралуу Тихановская Минскинин соту "Белсат” телеканалынын эки кабарчысын эки жылга кескен соң “Настоящее время” телеканалына курган маегинде билдирди.

Учурда чет өлкөдө баш калкалап жүргөн оппозионердин айтымында, акыркы сот чечими менен Лукашенконун режими маалымат каражаттарына “бийлик менен бирге болбосоңор түрмөгө камаласыңар” деген ишаратты берип жатат.

Беларус соту 18-февралда нааразылык акциясын түз эфирде көрсөткөн “Белсат” каналынын журналисттери Екатерина Андреева менен Дарья Чульцованы эки жылга кескен.

“Белсаттын” журналисттери былтыр 15-ноябрда оппозициянын нааразылык акциясы учурунда кармалган. Аларга карата “коомдук тартипти бузууга багытталган калайман иш-чараларды уюштуруу” беренеси боюнча айып тагылган. Бул сот чечимин бир катар эл аралык уюмдар айыптады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости