www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайлык ByteDance компаниясы, TikTok'тун ээси анын кызматкерлери социалдык тармактын бир катар колдонуучуларынын, анын ичинде эки журналисттин маалыматтарын мыйзамсыз алганын мойнуна алды.

Бул тууралуу New York Times басылмасы жазды.

Басылманын маалыматы боюнча, компаниянын ичинде жүргүзүлгөн иликтөө кызматкерлер "америкалык TikTok колдонуучуларынын, анын ичинде эки кабарчынын маалыматтарын мыйзамсыз алганын" көрсөткөн.

Маалыматта жай мезгилинде кызматкерлердин жүрүм-турумуна мониторинг жүргүзүү үчүн жооптуу болгон ByteDance командасынын бир нече кызматкерлери ички сүйлөшүүлөрдүн жана журналисттердин иш документтеринин сыртка чыгып кеткен булактарын табууга аракет кылышкан. Бул аракеттердин алкагында алар эки репортердун жана башка аз сандагы адамдардын IP-даректерине жана башка маалыматтарына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушканы айтылат.

Белгиленгендей, иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча маалыматты ByteDance компаниясынын башкы юридикалык кеңешчиси  Эрих Андерсен берген.

Компания колдонуучулардын маалыматтарына мыйзамсыз кирүү мүмкүнчүлүгүн алган төрт кызматкер тең иштен алынганын (алардын экөө АКШда, экөө Кытайда иштеген) билдирди.

Басылманын маалыматы боюнча, маалыматтары алынган репортерлор - мурда "BuzzFeed" үчүн жазган, учурда "Forbes'те" иштеген Эмили Бейкер-Уайт, ошондой эле "Financial Times" гезитинен Кристина Криддл.

Эске салсак, буга чейин АКШнын Сенаты TikTok'ту федералдык өкмөттүн электрондук түзүлүштөрүнө орнотууга тыюу салган мыйзам долбоорун жактырган.

АКШнын атайын кызматтары TikTok улуттук коопсуздукка коркунуч жаратарын бир нече жолу билдирген.

Кыска видеолорду тартуу жана көрүү үчүн популярдуу тиркемени колдонууга Американын бир катар штаттарында мамлекеттик кызматкерлерге да тыюу салынган. Тиркемени мамлекеттик кызматкерлерге колдонууга тыюу салган жобо АКШнын 2023-жылга бюджетинин долбооруна киргизилген.

TikTok - кыска видеолорду тартуу жана көрүү кызматы. Ал Пекиндеги «ByteDance» компаниясына таандык. Тиркеменин эл аралык версиясы 2018-жылы ишке киргизилген.

Тиркеме Кытайда кыска видеолор үчүн алдыңкы видео платформа болуп саналат. Ал тез арада дүйнө жүзү боюнча таанылып, эң тез өнүгүп жаткан жана эң көп жүктөлгөн тиркемелердин бири болуп калды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости