www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биз Кыргызстан деген мамлекетте жашайбыз жана аталган мамлекеттин титулдук улутун Кыргыздар түзөт. Ал эми Кыргыз тилинин мамлекеттик макамы бар. Тиешелүү мыйзамдарда баардык жерде расмий тил менен бирге мамлекеттик тил да катарлаш колдонулуусу керектиги жазылган.
Бирок, бул эмнегедир аткарылбай келет. Андыктан мындайга кайдыгер карабагандардын да катары калыңдап барат. Алсак, Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев 10-октябрдагы жыйында «Аймактагы жарандарыбыз мамлекеттик сатып алуулар порталында кыргыз тили жок болгону үчүн толук колдоно албай жатат. Порталга кыргыз тилин кошуу кыйын болуп жатабы?» деген суроону мамлекеттик сатып алуулар департаментинин башчысынан сурады.
«Учурда порталыбыз расмий тилинде. Азыр порталды кайра иштеп чыгуудабыз. Жакынкы арада кыргыз тилине которуп чыгууга аракет кылабыз. Бул биз үчүн кыйынчылык жараткан жок», - деп кутулду департамент башчысы. Жакында бул порталга кыргыз тилинин киришине ишенгенибиз деле жок.
Себеби, бул аракет ишке ашпайт, жасай тургандар азыркыга чейин жасап коймок да. Бирок, кыргыз тилинин абалына кайдыгер карабастан маселе көтөргөн депутат Тиллаевге ыраазы болдук. Ар бир эл өкүлү кыргыз тилине Тиллаевдей мамиле кылса кана...
Булак: “Де-факто”