www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Тилек Рыскулов "айрым бир күчтөр УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен президент Садыр Жапаровду кайраштырууга аракет көрүп жатышкандай", - деген пикирин социалдык тармакка жазып чыкты.

"Интернет тармактарындагы учурдагы үч укук коргоо органдары согушуп жатат деп жайылтылып жаткан маалыматтар боюнча ой бөлүшкүм келди. Албетте, тазаланышсын демекмин, бирок иштеп жаткан органдарды жакшы иштеп жатканын дагы билүүбүз керек. Бул жерде мыйзам чегинде эле болуп жаткан иштер көрүнүп турат. Эч качан ортодон чагымчылдык кылып бири-бири менен кайраштырып ортодо кастыкты жаратпооңор керек. 

УКМК, ИИМ, Прокуратура тирешип жатат деген чындыкка коошпогон, негизсиз сөздөр. Баарыбыз билгендей, УКМК төрагасы К. Ташиев өкмөттө жалпы күч блогун тейлейт, координациялайт. Демек, бул эмнеден кабар берет? УКМКнын кызматкеринин пара менен кармалуусу К. Ташиевдин тапшырмасы, көзөмөлү астында болгон иш. К. Ташиев дайыма УКМК кызматкерлерин таза иштөөгө, паракорлуктан алыс болууга чакырып келет. Эгерде К. Ташиевдин айткан сөзү менен иши дал келбесе, күч блогун тейлеген адам катары УКМК кызматкеринин кармалуусуна жол бермек эмес. Бирок ал анткен жок. Системадагы паракор кызматкерлерден арылуу, андайлардан тазалоону колдоп атат. Ал эми УКМК, ИИМ, Прокуратураны тирешип жатканын баягы эле шылтоо табылса эле саясат жасагандар, абалды чыңалтууну көздөгөндөр, ою жакшы эместер таратып, жазып жатышат. 

Байкасак, муну менен айрым бир күчтөр УКМК төрагасы К. Ташиев менен президент С. Жапаровду кайраштырууга аракет көрүп жатышкандай. Бирок укук коргоо органдарындагы коррупцияны, паракорчулуктун тамырын кыркууга президент С. Жапаров да кызыкдар. Ал аз күн мурда эле өз милдетин аткарбаган, коррупционер бир катар прокурорлорду кызматтарынан алды. Болгондо да УКМК төрагасы К. Ташиевдин сунуштамасы менен алды. Бул бир жагында К. Ташиев, экинчи жагында С. Жапаров турган тирешүү жок, системадагы коррупцияга күрөштүн башында президент өзү турат дегенди билдирет. Болгону укук коргоо системасын таза эмес кызматкерлерден тазалоо аракетине кээ билер саясий түс беришүүдө. 

Учурдан пайдаланып Кемпир-Абад ишин колдоп чыгаарга шылтоо таппай жаткандар, Исаковду президент кыла албай жаткандар, Атамбаевди чет мамлекетке алып чыгып кетүүгө аракетин кылып жаткандар, Мадумаровду президент кылгысы келгендер, Батыштын акчасын алып кайда таратуунун жолун таппай отчетко иштеп жаткандарга бул кармалуу көктөн издегендери жерден табылгандай эле болду.  

Буга чейин деле укук коргоо органдарындагы паракор кызматкерлерди мыйзам чегинде жоопко тартуу болуп келбеди беле, мындай кармоолор кызматкерлер таза иштебесе дагы да улана берет. Бир топ күн мурда коопсуздук органдын ички коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары коррупция менен кармалып жатат, ал окуя 20-декабрга чейин болгон болуш керек эле. Андан кийин Нарын облусундагы милиция кызматкерлеринин шалаакылыгынын кесепетинен жабыр тарткан элдин үнү УКМКга жетип, анда дагы бир топ милиция кызматкерлери жоопко тартылбастан иштен алынып эле тим болду. Сузак районундагы милиция кызматкерлеринин шалаакылыгынан бир топ кызматкерлер иштен бошотулуп эле тим болду, же аларга иш козголуп камалганын уктунарбы? Жок, жөн гана креслосун бошотту, ал жерге кайра башка коррупционер же шалаакылыкты жакшы көргөн адам келди, буга чейинки мыйзамсыз кылган иштери, эмне үчүн арызданып келген жарандарга убагында чара көрбөгөндүгү, милиция органындагы башаламандык, баш ийбөөчүлүк ж.б. эч жакка ката албайбыз. Ошол окуядан кийин айрым милиция кызматкерлери  «бизге ушундай керек эле, ИИМди УКМКга кошуп салса туура болмок»  дегендей сөздөрдү айтышкан. 

Нарындагы окуяны көрдүңөр, элди коргойм деп форма кийип жүргөн милиция кызматкерлери кылмыштуу топтун мүчөсүнө чөгөлөп келип, ал мыскылдаса дагы унчукпай, кайра андан токмок жеп, милицияны чакырган адамдарды кармап берүүгө сөз берип жаткан видеосун көрдүңөр. Бул эмне деген коркоктук? Кантип ал укук коргоочунун формасын кийип жүрөт, кантип ал жарандарды, өзүнүн үй-бүлөсүн коргой алат? Милиция кызматкерлери чычалабай эле коюшсун, алардын чыныгы жүздөрүн көрдүк го, ал милиция эч кандай үйүндөгү жубайын, 5 жаштагы мөлтүрөгөн баласын  коргой албастыгына күбө болдук. Таза иштеп, элин, жерин коргоп жаткан милиция кызматкерлеринин оброюна шек келтирди, сокку урду. 

Мына УКМК тарабынан ачыкка чыгарылгандан кийин милиция кызматкерлери иштей баштаганын көрдүк, иштесе болот экен го, байма-бай кылмышкерлерди кармап жатышат, күндө жаңылыкта ИИМ муну кармады, ИИМ тигини кармады деген маалыматтар чыгууда. 

Ал эми прокуратура кызматкерлери өзүнчө бир «монстрга» айланганын угуп жатабыз, соттор менен жең ичинен сүйлөшүп алып, мыйзамсыз иштерге барышат. Эгерде прокуратура кызматкери пара алып жатса бир дагы укук коргоо органдары кармай албайт. Мыйзам менен бир гана өздөрүн өздөрү гана кармоого шарт түзүп алышкан. Жарандар прокуратура кызматкеринин пара алып жаткандыгын билсе, көрсө, же мыйзамсыз иштерине чара көрүп берүүгө суранса бир дагы орган ал прокуратура кызматкерин убагында кармай албайт. Мурда кабинетине чейин кирип барып алган парасын ачыктап көрсөтүшчү, акыркы убактарда прокуратура кызматкерлеринин пара алып жаткан учурда кармалуусун көрдүңөрбү?  Жок, анткени мыйзам жол бербейт. Эгерде прокуратура кызматкеринин пара алуу фактысы аныкталса, прокуратура кызматынын ички коопсуздук органынын макулдугу менен гана кармоо иштери жүргүзүлөт. Мына мыйзамдуулук, мына прокуратура органдарындагы паркорлуктун өсүүсү, мына прокурорлор өздөрүн «хан» кылып алышкандыгы! Же прокурорлордун бийлик бутактарындагы кызматкерлердин кармаганын көрдүңөрбү? Жок, анткени алар менен табакташ. Ошон үчүн баардык укук коргоо органдарына тең салмак болушу үчүн прокуратура боюнча мыйзамды өзгөртүү керек, прокуратура органындагы тергөөнү алып ИИМге бүрүү керек. Ошондо тең салмак болот", - дейт Тилек Рыскулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости