www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыл чарба тармагын санариптештирүү башталды. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, айыл чарба тармагы боюнча интерактивдүү карта иштелип чыгат. Анда кайсы аймак кандай үрөн өстүрүп жатканын, жайыт жерлерди  көрүүгө болот.

Айыл чарбага тиешелүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр (сертификат, лицензия алуу) санарип форматка өтөт. Мындан сырткары тармакты өнүктүрүүгө салым кошкон адистерден куралган кеңеш түзүлүүдө.

Дыйкан чарбалардын чакандыгы — ири көйгөйлөрдүн бири. Ошондуктан дыйкандар жакшы технологияларды пайдалана алышпайт, түшүмдүн көлөмү аз, үрөндөр жана жер семирткичтер начар. Ошол эле көрүнүш мал чарбаларында да бар. Мындан улам дыйкан чарбалары ирилештирилүүдө. Болбосо, түшүмдөрдү сатууда да көйгөй жаралат.

«Амбицияларымды жыйыштырып, айыл чарбаны өнүктүрөйүн дедим. Бир жарым жыл мурда бул министрлик кызматка өзүмдүн талапкерлигимди көрсөткөм. Даяр программам да бар болчу, ошону ишке ашырууга келдим. 100 күндүн ичинде реформаларды дыйкандар, фермерлер сезгендей кылышыбыз керек. Буюрса реформаларды баштап жатабыз. Реформанын «үрөнүн» септик, эми кыска мөөнөттө «түшүмдөрдү» алабыз деген ишенимдер бар. Бул тармакка керт башым менен жооп берем», — деди Токтогазиев.

Ал кадр саясатына эч кимди кийлигиштирбегенин кошумчалады. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости