www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн келе жаткан Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.

Премьер-министр Садыр Жапаровдун куттуктоо сөзү:

 «Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө журналисттик адистиктин мааниси артып, маалыматсыз жашоо элестетилбей калган учур.

Мындай шартта демократиялык өнүгүү жолундагы Кыргызстан үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын ачык-айкындуулугунун баасы өтө жогору экенин өлкө турмушундагы орчундуу окуялар таасын далилдеп келет.

Себеби, журналисттердин коомго ачык-айкын, калыс маалымат жеткирүү менен коомдук аң-сезимдин калыптанышына таасири күчтүү.

Өлкөбүздүн тарыхый урунттуу учурларына, мамлекеттин социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык жактан өнүгүүсү үчүн жасап жаткан бардык иш-аракеттерине дагы курч калем ээлеринин кошкон салымы эбегейсиз.

Ошондой эле дүйнөлүк коомчулук менен катар өлкө башына келген коронавирус пандемиясы күч алып турган маалда аны менен күрөшүүдө журналисттердин өз кызматын так, жоопкерчилик менен аткарганы өзгөчө белгилөөгө арзыйт.

Урматтуу басма сөз кызматкерлери!

Мындан ары дагы мамлекеттик бийлик менен элдин ортосундагы өз ара байланышты жакындатып, чыңай бересиздер деп ишенем. Коомдун күзгүсү, жакшылыктар менен ийгиликтердин жана акыйкаттыктын жарчысы болууну уланта беришиңиздерге тилектешмин.

Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм. Баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай, чыгармачылыгыңыздарда ийгиликтерди каалайм!

Сөз баккан кыргыз элинде, эркиндикти сүйгөн Кыргызстаныбызда ар дайым сөз эркиндиги, ынтымак жана ырашкерлик болсун!»

Булак: NazarNews.kg

Последние новости