www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Египеттин элчиси аябай кыйын экен, картошкасын бизге сатып салыптыр", - дейт мурдагы Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев.
--"Эсил кайран кыргыздын айыл чарбасы!
Урматтуулар, сиздерден бир чоң суранычым бар:
Ата мекендик өндүрүштү өнүктүрө албасаңар, жок дегенде талкалабагылачы.
Биздин дыйкандар картошканы Кыргызстандын өзүбүздүн ички керектүүлүгүнөн дээрлик эки эсе көбүрөөк өндүрөт. Жылда ашып калган картошканы каякка сатабыз деп карапайым дыйкандардын башы ооруйт. Өзүңөр билгендей эле, учурунда бир министр так ошол картошка сатылбай, массалык түрдө чирип кеткен үчүн, өзүнүн кызматынан кеткен.
Эми биз өзүбүздөн ашып ташып жаткан картошканы дагы миңдеген километрлер алыс жайгашкан Египеттен бери ташып келебизби? Бул эмне деген нонсенс? Бул эмне деген өзүн өзү сыйлабастык?
Биздин аткаминерлер ушундай эл аралык сүйлөшүүлөргө жакшылап даярданышса туура болмок. Египеттин элчиси аябай кыйын экен. Картошкасын бизге сатып салыптыр. Биздин министрлик болсо эч нерсе Египетке сата албай калыптыр. Эмне үчүн? Себеби, сүйлөшүүлөргө таптакыр даярданган эмес.
Суунун башында туруп чөлдө жайгашкан Түркмөнстандан помидор менен сабиз сатып алабыз. Өзбекстандан жер жемиш, мөмө жемиштерди, эми Египеттен картошка ташыйбызбы?
Эгерде азыркы айыл-чарба министрлигинин саясаты ушундай болсо, анда алдыда дыйкандарыбыз үчүн абдан оор убакыт келе жатыптыр.
Кайрат кылгыла эми!
Бизде азыркы учурда экспортко чыгара турган картошка, сүт, төө бурчак, өрүк жана башка жер жемиштер бар. Кайра иштетилген продукция болсо экспортко аз эле чыгат. Жок дегенде ошолорду экспортко жөнөтүп, кайра иштетүү секторго басым кылуу зарыл.
Тилекке каршы, биз агрардык өлкө эмеспиз. Шалакалыктан, ачкөздүктөн, уурулуктан талкаланган мамлекетбиз.
Агрардык саясатты түп тамыры менен өзгөртүп, негизги приоритет ички өндүрүшкө берилиши абзел.
Импортту азайтып, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоп, экспортко чыгарганга шарт түзүш керек. Эл аралык чогулуштарга барганда өзүбүздүн продукциябызды даңктап, мактап, сатуучуларды таап беруу заоыл.
Үмүттү өчүрбөйлү, мекендештер! Буюрса, биздин айыл чарба, ата мекендик өндүрүш сөзсүз өнүгөт. Фермерлерибиз бай болуп, элибизди таза азык-түлүк менен камсыздап беришет!", - дейт Токтогазиев.
Булак: NazarNews.kg