www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстанда "Талибан" кыймылы өлкөнүн түндүгүндөгү стратегиялык шаар - Мазари-Шарифти басып алганын 14-августтун кечинде Reuters агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда, талибдер 24 сааттан кийин Кабулдан 150 чакырым чыгышта жайгашкан Желал-Абад шаарын согушсуз басып алган. Согушкерлер бул шаарды 15-августта таң эрте ээлегени кабарланды. Азыр Ооганстандын борбору Кабул өкмөттүн көзөмөлүндөгү акыркы чоң шаар болуп турат.

Талибдер Нангархар провинциясынын борбору болгон Желал-Абаддагы губернатордун кеңсесинде түшкөн сүрөттөрдү интернетте жайгаштырышкан.

Провинция депутаты Абрарулла Мурад "Ассошиэйтед Пресс" агенттигине жоочулар ал жердеги аксакалдар менен сүйлөшкөндөн кийин Желал-Абадды басып алышканын маалымдаган.

Желал-Абад менен Мазари-Шарифтин талибдердин колуна өтүшү президент Ашраф Гани үчүн чоң сокку болду. Ал 14-августта элге кайрылып, 20 жылда жеткен жетишкендиктен баш тартпоого убада берген.

Талибдер май айында АКШ жетектеген күчтөр чыгып кеткенден кийин активдешип, акыркы аптада тездик менен улам бир аймакта басып алып жатат.

Америка Кошмо Штаттары жана Британия өз жарандарын жана аларга иштеген оогандыктарды эвакуациялоого жардам берүү үчүн кошумча аскерлерди киргизүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости