www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда бир суткада 19 миң адам вакцина алды

Кыргызстанда бир суткада 19 миң адам коронавируска каршы вакцина алды. Жалпы вакцина алгандардын саны 839 миңден ашты. Алардын 255 миңден көбү эки дозаны тең сайдырышты. 

Эмделгендердин эсеби Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Электрондук саламаттык борборунун маалымат базасында күнү-түнү жаңыртылууда.

Кыргызстандыктарды эмдөөгө негизинен Кытайдын Sinopharm компаниясынын вакцинасы, Европа өндүрүшүндөгү AstraZeneca жана Орусиянын Sputnik-V препараттары колдонулууда.

Вакцина 18 жаштан өткөн жарандарга эки дозада акысыз сайылат. Аралыгы 21 күн болууга тийиш.

Коронавируска каршы ыкчам штаб 12-августта эмдөө өнөктүгүнүн жүрүшүн талкуулады. Бишкек шаарында эмдөө темпи начар болуп жатканы айтылып, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова борбор калаанын ар бир району боюнча анализ жүргүзүлөрүн, жыйынтыгына жараша тийиштүү жетекчилерге чара көрүлөрүн эскертти.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине калкты каттоо борборлорунда, почта бөлүмдөрүндө кошумча эмдөө бекеттерин ачууга тапшырма берилди.

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алышы керек болгондор боюнча көрсөткүч 13-августтагы маалымат боюнча 35 процентке жетти.

2020-жылдын мартынан бери өлкөдө расмий эсепте 170 миңден ашуун кишиге коронавирус жугуп, алардын 2,5 миңдейи көз жумду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости