www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ток этерине келсек, бир мандаттуу 35 орун, ошого улай 55 партиялык тизмеден шайланып келе турган депутаттардын креслолору жөнүндө талаш-тартыштар уланууда. Бизге кайсы багыт ыңгайлуу? 90 депутат тең партиялык тизме менен келсинби же кеңейтилген округдарды да кошобузбу Тилекмат Куренов жооп узатсын.
- Бардыгы башаламан. 35 бир мандаттуу округдан, 55 партиялык тизме менен деген система бардакка алып келет. Кийинки шайлоодо жалаң олигархтар, коммерсант депутаттарды күтсөк болот. Өкүнүчтүүсү, бир мандаттуу шайлоодо биздин мигранттар шайлоо укугунан ажырайт. Терең анализ кылбай туруп, президенттин элге популисттик кылып айтып алгандыгынын курмандыгы болбошубуз керек. Менин оюмча, депутаттардын санын 240ка көбөйтүп, бирок бардыгынын кол тийбестик жана башка артыкчылыктарын алып салыш керек. Айлыгын кыскартып, ошол эле чыгым менен эки эсе көп депутат болсо жакшы болмок.
Булак: Азия News гезити