www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тилсиз жоо эки адамдын өмүрүн алды

4-январга караган түнү Бишкек менен Жалал-Абадда 2 адам иске ууланып, каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, ордо калаанын Ак-Бата конушунда жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө Свердлов райондук ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылып, өрт саат 23: 38де чектөөгө алынып, саат 23:58де толук өчүрүлгөн.

Тилсиз жоонун кесепетинен турак үйдүн аянты 30ч.м болгон жыгач устундуу шифер менен жабылган устундары, рейкасы, диван жана төшөнчүлөрү күйгөн.

Тилекке каршы өрттүн кесепетинен 1975-ж.т К.Б аттуу эркек киши түтүнгө ууланып, каза тапкан. Өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле 4-январда Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Ырыс а/а, Күмүш-Азиз айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө Сузак райондук N65 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 06:12де чектөөгө алынуу менен 07:01де толук өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 54ч.м. шыбы күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 1971-жылы туулган Ч.З аттуу эркек киши иске ууланып, каза болгон.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости