www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

фганистандан Тажикстанга качып кирген этникалык кыргыздар Кыргызстанга эвакуцияланат. Бул маалыматты бүгүн, 15-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, Кичи Памирдеги этникалык кыргыздар тажик чек арасынан өткөнү тууралуу алгачкы маалымат Кыргызстандын Кабулдагы элчилиги тарабынан 12-июлда маалымдалган. Кийинчерээк элчилик этникалык кыргыздардын өкүлү менен байланышып, алар чындыгында Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусунун Мургаб районундагы Кызыл-Рабат айылы тарапка багыт алышканы белгилүү болду.

Министрлик Чоң жана Кичи Памирдеги этникалык кыргыздарда үзгүлтүксүз байланышта болуучу каражаттар жана толук мүмкүнчүлүк жок бологондуктан алар менен байланышып, бардык кадамы тууралуу билүү убакытты алып, кыйынчылыктарды жаратып жатканын билдирди.

«Бул маселе Кыргызстандын президентинин жана министрлер кабинетинин төрагасынын көзөмөлүндө турат. Мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмалар берилди. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын өкмөтү менен афганистандык кыргыздарды Кыргызстандын аймагына эвакуациялоо маселелерине байланыштуу тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат», - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Ошондой эле Кыргызстан тарап бул маселени ыкчам жана натыйжалуу чечүүдө Тажикстан максималдуу кызматташат деп ишенет.

13-14-июль күндөрү Афганистандын Бадахшан провинциясынын Вахон уездинин Андемин айылынын 347 тургуну «Талибандан» качып, Тажикстандын Мургаб районунун Кызыл-Работ айылы аркылуу Тажикстандын аймагына өтүштү. Алар – этникалык кыргыздар.

Тажикстанга качып киргендердин ичинен 91 адам – эркек киши, 77 адам – аял киши, калган 177 адам – жашы жете элек балдар. Тажикстандын УКМКсынын Чек ара аскерлеринин басма сөз кызматы билдиргендей, этникалык кыргыздар чек арадан өтүп жатканда 2 ымыркай каза болгон. Учурда качкындар Кызыл-Работ айылынын Чоштеппа жана Дуютук аймактарына жайгаштырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости