www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Азык-түлүк, күйүүчү майлар кымбат, отун-суу тартыш, кыштан кантип чыгабыз?

- Бүгүн Кыргызстанда баары кымбат. Кайсы жагын албайлы: суу, көмүр, азык-түлүк, кийим-кече, жадагалса курулуш материалдардын баасы 100 пайызга өсүп кетти. Ошол эле учурда айлык акы, пенсия, жөлөк пулдар анчалык кошулган жок. Баанын өсүшү жеке эле Кыргызстанда эмес, дүйнө алкагында да ушундай чехарда.

Европада газдын баасы асмандады. Ага кошумча күйүүчү майлар. Анткен менен Кыргызстанда Кудайга шүгүр, бизде көмүрүбүз бар. Эң негизгиси, бизде климат жакшы. Бизди Жараткан колдоп атат. Күнүбүз азыркыга чейин жылуу, от жакпай турсак болот. Чет өлкөнүн кээ бир жерлерин суу каптап, кар түшүп тоңуп, кургакчылыктын айынан жабыркап атышат. Эгемен алган 30 жылдын ичинде ар бир президент жана анын жакындары өлкөнү талап-тоногондон башканы билбептир.

Завод-фабрика, өндүрүштү талкалашкан. Энергетика жаатында кичи ГЭСтерибиз бар эле, алардын ушу кезге чейин дайындары жок. Мындай учурда көп эле өкмөттү карай бербей, өзүбүз аржак-бержакты карап жашаш керек болуп калды. Электр энергиясын, сууну, газды үнөмдөп жашоого мезгил келди. Антпесе болбойт. Азыркы бийлик колдорунан келишинче баардык аракеттерди кылып атат. Коррупцияны, ууру-кескилерди кармап, камап, “колго чаап” дегендей. Болгону аягына чыгарыш керек. Мындан сырткары, президент өзү баш, калгандарыбыз төш болуп, мыйзамды катуу сактап, мыйзамдын кулу болуп жашаганды үйрөнөлү.

Булак: Азия News гезити

Последние новости