www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эреже сактабагандар тирүүлөй табытка салынууда

Коронавирус илдетинин таасири дүйнө жүзүнө жайылып, өлкөлөр пандемия менен күрөшүү үчүн түрдүү чараларды колдонууну улантып жатышат. Вирус менен күрөшүүдөгү эң эле маанилүү куралдардын бири болгон бет капты колдонбой жаткандар үчүн Индонезиянын борбору Жакарта шаарында мурда болуп көрбөгөндөй ыкма колдонулуп баштады.

Жакарта шаарынын губернатору Анис Басведандын билдирүүсүнө ылайык, борбор калаада вирус менен катталгандардын саны мурда 3,5% болсо, азыр 10%га көбөйгөн. Бул абал өлкө үчүн кооптуу экенин айтып, мындан улам өзгөчө чара көрүү керектелгенин айтты.

Вируска каршы колдонулган бул ыкмада коргоочу кийимдерди кийген Жакарталыктар ийинине табытты көтөрүп, шаардын киши көп жерлерин аралашат. Бет кап тагынбаган жарандар бул бош табыттын ичине жаткырылат. Вируска каршы колдонулган бет каптын маанисин билдирүү үчүн эреже сактабаган жаран табыттын ичине салынып, бир нече мүнөт көзүн жуумп жатышы керек. Ошентип, бул жарандар вирус жараткан коркунучту түшүнүп, бет кап эрежесин сакташат. Бул ыкма ошол максатта колдонулат.

https://i4.hurimg.com/i/hurriyet/75/750x0/5f536f33d3806c1a80bb33c3

Мындан сырткары ыкманы жүргүзүүчүлөр колдоруна вирус менен катталгандар жана анын кесепетинен өлгөндөрдүн саны жазылган маалымат барактарды көтөрүп жүрүшөт.

https://i4.hurimg.com/i/hurriyet/75/750x0/5f536f35d3806c1a80bb33d5

Белгилей кетсек, учурда Индонезияда вирус менен катталгандардын саны 191 миңге жетти. Ал эми каза болгондордун саны 8 миңге жакындады.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости