www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“21-августта сасык тумоонун алдын алуу үчүн сасык тумоого каршы вакциналарды сатып алууга 221,5 миллион сом бөлүнгөн. Бул каражатка 700 миң даана вакцина сатылып алынат” – деп билдирди бүгүн, 8-сентябрда КР премьер-министри Кубатбек Боронов өкмөттүк онлайн-брифингде.
Өкмөт башчынын айтымында, алгач жаш балдар, медкызматкерлер, мугалимдер жана калктын аялуу катмары эмделет.
“Учурда Саламаттык сактоо министрлиги атайын пландар менен иштеп жатат. Анын негизинде вакцинация жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү бар клиникалардын бардыгына эмдөөгө уруксат беребиз. Бүгүнкү күндө Бишкектеги 9 жеке клиника эмдөө жүргүзүү боюнча иш-чарага катышуу боюнча ниетин билдирди. Ош шаарында 5 жеке клиника, алардын шарттарын карап, уруксат берүү маселеси каралып жатат. Ошондой эле иш-чара республиканын бардык аймактарында жүргүзүлмөкчү” – деп билдирди Боронов.
Премьер-министр кошумчалагандай, 700 миң даана вакцинанын биринчи партиясы 15-сентябрда келиши керек.
Булак: NazarNews.kg