www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атлантика океанында чөккөн "Титаник" кемесинин урандыларына туристтерди ташыган суу астындагы кемедеги адамдарды куткарууга саналуу сааттар калды. Себеби, кемедеги кычкылтек чектелүү.
Аталган туристтик кеме 19-июнь күнү суу астына киргенден көп өтпөй байланышка чыгууну токтоткон.
Эки күндөн бери АКШнын Атлантика океанынын жээгиндеги Кейп-Код шаарынан 900 чакырымдай алыстыкта суу астындагы кемени издөө иштери жүрүп жатат. Бирок, азырынча жыйынтык жок.
Oceangate Expeditions компаниясынын маалыматы боюнча кемедеги кычкылтек 96 саатка, башкача айтканда 3 күнгө эсептелген. Бул адамдарды аман-эсен куткарып калууга 1 эле күн калды дегенди түшүндүрөт. Кычкылтек болжол менен эртең, 22-июнда Бишкек убактысы боюнча саат 11де түгөнөт.
Суу астындагы кеменин бортунда британиялык миллиардер Хамиш Хардинг, Пакистандын эң бай адамдарынын бири - 48 жаштагы Шахзода Дауд жана анын уулу - 19 жаштагы Сулейман бар экени белгилүү болгон.
Жеке экскурсиялар үчүн "Титан" аттуу чакан суу астындагы кайык колдонулат. Ал беш кишиге ылайыкталган: капитан, окумуштуу-гид жана үч туристти батырат. "Титаниктин" кыйраган жерине жеткен туристтик кемедеги жүргүнчүлөр чөгүп кеткен лайнерди кыдырып чыгышат. Сууга түшүүнүн өзү болжол менен сегиз саатка созулуп, турдун баасы 250 миң долларга чейин жетет.
"Титаник" Канаданын Ньюфаундленд аралынан 600 чакырым алыстыкта, Атлантика океанынын түбүндө 3800 метр тереңдикте жайгашкан.
Трансатлантикалык "Титаник" – өз учурунун эң чоң жана эң кымбат жүргүнчү кемеси болгон. 1912-жылы Саутгемптондон Нью-Йоркко баратканда айсбергге урунуп, кыйраган. "Титаниктин" бортунда 2200 жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрү болгон. Алардын 1500дөн ашыгы өлгөн. Кеменин калдыктары 1985-жылы табылган. Ошондон бери алар жигердүү изилденип, ошондой эле туристтерди өзүнө тартууда.
Булак: NazarNews.kg