www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ менен Түштүк Корея Түндүк Кореяга шериктеш өлкөлөргө каршы өзөктүк куралдын колдонулушу Ким Чен Ын режиминин кулашы менен аяктай турганын эскертти. Бул риторика Кошмо Штаттар менен Түштүк Корея Түндүк Кореяны бир нече баллистикалык ракета учургандан кийин андан ары куралдандыруудан тоскоол кылууга аракет кылып жатканын көрсөтүп турат. Бул тууралуу «Bloomberg» жазып чыкты.
Кечээ, 3-ноябрда АКШнын коргоо министри Ллойд Остин менен кореялык кесиптеши Ли Чон Соп Пентагондо сөз сүйлөп, Америка менен Түштүк Корея биргелешип өткөргөн «Кайраттуу бороон» аскердик машыгуулары белгисиз мөөнөткө узартыла турганын жарыялашты. Буга Түндүк Кореянын баллистикалык ракеталарын учурганы себеп болууда.
Министр Ли Түндүк Корея өзөктүк сыноо өткөрүүгө даярданып жатканын билдирди. Бирок ал бул окуя качан болорун айтуудан баш тартты.
«АКШга же анын союздаштарына жана өнөктөштөрүнө каршы стратегиялык эмес өзөктүк куралды колдонууну кошкондо ар кандай өзөктүк чабуул кабыл алынгыс. Бул Ким Чен Ындын режиминин жок болушуна алып келет», - деп айтылат АКШ менен Түштүк Кореянын коргоо министрлеринин биргелешкен билдирүүсүндө.
Ли Чен Соп эгер Түндүк Корея өзөктүк курал колдонсо, союздаш өлкөлөрдүн жообу ойлонбой жана тайманбастык менен болушу мүмкүн деп катуу эскертти.
АКШнын коргоо министри Корея менен Американын ортосундагы альянс «болот менен капталган» жана эч качан бузулбастыгын айтты.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 31-октябрында АКШ жана Түштүк Корея менен биргеликте «Кыраакы бороон» аскердик машыгуусу башталган. Ага 240ка жакын аскердик учак катышууда.
Түштүк Кореянын аба күчтөрүнүн 140ка жакын учагы, анын ичинде F-35A, F-15K, KF-16 истребителдери, KC-330 май куюучу учактары жана америкалык тараптан жүзгө жакын учак, анын ичинде F-35B истребителдери, EA-18 электрондук чалгындоочу самолёт жана У-2 шпиондук самолёту тартылган.
Булак: NazarNews.kg