www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Корея Сары деңизде Жапонияны көздөй эки канаттуу ракета учурду. Бул тууралуу Ёнхап  агенттиги Түштүк Кореянын Коргоо министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.

Азырынча кыйроолор тууралуу маалымат жок. Атылган ракеталардын түрү да белгисиз.

Белгилей кетсек, буга чейин Түндүк Корея пандемия учурунда жана тамак-аштын чоң жетишсиздигинен улам башталган жаңы ракеталарды сыноонун баасы 400 миллион доллардан 650 миллион долларга чейин деп эсептелген.

Жыл башынан бери Түндүк Корея жыйырмага жакын ракета сыноосун өткөрдү. Тактап айтканда, 5-июнда КЭДР бир убакта төрт ракета учурган. Учуруулар үч аймактан жасалды: чыгыш жана батыш жээктеринен, ошондой эле Түндүк Кореянын материгинен. Учуунун максималдуу бийиктиги 50 километрден 100 километрге чейин, аралыгы 300дөн 400 километрге чейин болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости