www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Корея Түндүк Кореяда 80ден 120га чейин өзөктүк дүрмөт болушу мүмкүн деп билдирди. Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министри Ан Гю Бак парламентте сүйлөп жатып айткан.

Бирок министр бул сан так расмий маалымат эмес экенин, жеке изилдөө уюмдарынын баалоосуна негизделгенин белгиледи. Түштүк Кореянын Куралдуу күчтөрү бул көрсөткүчтү расмий тастыктай албайт.

Белгилей кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп буга чейин Түндүк Кореяда 57 өзөктүк курал бар экенин айткан. Ошентип, Сеулдун баалоосу Пхеньяндын өзөктүк арсеналы Трамп айткан көрсөткүчтөн кыйла көп болушу мүмкүн экенин көрсөтүүдө.

Последние новости