www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Райондогу Атай айылдык кеңешинин 45 жаштагы төрагасы аймактагы алтын кендеги башаламандыкка байланыштуу кармалды.

Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлашынча, айылдык кеңештин төрагасы быйыл жаз айларында “Жи Эл Макмал Девелопинг” комбинатында орун алган жаңжал боюнча 7-октябрда облустук милицияга суракка чакырылып, камакка алынды.

Учурда тергөө иштери уланып жатат. Милиция айылдык кеңештин төрагасынын аты-жөнүн ачык жарыялаган жок.

11-апрелде Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда "Жи Эл Макмал Девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы жергиликтүү тургундар нааразылык акциясына чыгышкан.

Ички иштер министрлиги акция учурунда ишканага таандык, жаңы курулуп жаткан имарат өрттөлүп, милиция кызматкерлери сабалганын кабарлаган. Бул боюнча Ички иштер министрлиги “Ээнбаштык" жана "Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу" беренелери менен кылмыш ишин козгоп, 21 киши кармалган. Алардын экөө азыр убактылуу кармоочу жайда болсо, калгандары үй камагында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости