www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районундагы Макмал кенинин базасында курулуп жаткан тоо-кен байытуучу фабрикасынын зыяндуу же зыянсыз экени текшерилет.
Бул тууралуу “Азаттыкка” Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жетекчиси Улан Рыскулов билдирди.
Анын айтымында, учурда долбоорлоо аракети жүрүп жатат жана фабрика толук иштей элек.
1-февралда Тогуз-Тородо чогулган митингчилер Макмал кенинин базасында курулуп жаткан тоо-кен байытуучу ишканасынын курулушуна каршы чыгышып, “фабрика ишке кирсе Чернобыль сыяктуу эле зыяндуу болорун, мал-жандыктар ууланарын” айтып чыгышкан эле. Акциянын уюштуруучулары митингге 500дөн ашуун киши катышканын кабарласа, жергиликтүү бийлик алардын саны 150-200 экенин билдирген.
Нааразылыкка чыккандар менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү да жолугуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ага карабай тургундар мындай митингди 7-февралда да өткөрүшөрүн айтып жатышат.
Алтынды бөлүп алуучу фабриканы “Ji El Makmal Development” ишканасы 2017-жылдан тарта куруп жатат. Курулуш иштери ушул жылдын июнь айында бүтүп, айына 165 кг. алтын өндүрөт деп пландалууда.
Булак: NazarNews.kg