www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сокулук районундагы кафеде өткөн үлпөт тойдо адамдар ууланып, иш козголду. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББден кабарлашты.
27-декабрь күнү 37 жаштагы жаран милицияга кайрылган. Ал 24-декабрь күнү кафелердин биринде үлпөт той өтүп, ага катышкан коноктордун бардыгы ууланып ооруканага түшкөнүн билдирген.
Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Санитардык-эпидемиологиялык эрежени бузуу") боюнча иш козголуп, Сокулук райондук санитардык-эпидемиологиялык борборуна кат жолдонду.
ИИББден билдиришкендей, жарандар эмне жеп ууланганы жана алардын саны канча экени азырынча белгисиз.
Саламаттыкты сактоо министрлиги факты боюнча комментарий бере элек.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg