www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө институтунун дарыгерлери консилиум өткөрүп, токко урунуп, оор жараат алган жоокер Руслан Сапарбаевдин "сол колун ампутация кылуу керек" деп чечим чыгарышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” жоокерге укуктук жардам көрсөтүп жаткан “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди.

Буга чейин аталган бейтапкананын күйүк-жараат бөлүмүнүн дарыгери Владимир Плаксин жоокердин колунун күйүп калган бөлүгүндөгү жара (гангрена) өйдө жылып баратканын ырастаган. Ал бул жөнүндө жоокердин өзүнө, анын жакындарына да маалымат берилгенин, колун операция кылууну дарыгерлер кеңешип жатканын айткан эле.

Токко эки колу күйүп калган Руслан Сапарбаевди дарыгерлер 17-августта операция кылып, оң колун чыканагынан өйдөрөөк ампутация кылышкан. Учурда жоокердин абалы оор, бирок туруктуу деп бааланып жатат.

Майлуу-Суу шаарындагы №30295 аскер бөлүгүндө кызмат кылып жүргөн Сапарбаев 8-августта кезмет учурунда токко урунуп алган. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы кырсыкка аскер өзү күнөөлүү экенин, ал тыюу салынган электр көмөк чордонуна кирип, трансформаторго кол салып алганын билдирген.

Руслан Сапарбаев - Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну, ал быйыл жазында аскерге чакырылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости