www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын өкмөтү канадалык "Центерра" компаниясы менен былтыр кабыл алынган экологиялык стратегиялык келишимдин шарттарын кайра кароонун мөөнөтүн эки айга, тагыраагы 2-ноябрга чейин узартты. "Центерра" компаниясы расмий сайтында аталган макулдашууну аткаруу мөөнөтү узартылганын жарыялады. Буга чейин өкмөт макулдашууну аткаруу мөөнөтүн 24-августка чейин токтотуп туруу чечимин кабыл алган.

Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасы боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилиги макулдашуунун шарттарын кайра кароо эмнеге кечеңдеп жатканы боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Кыргызстандын өкмөтү быйыл июнь айында 2017-жылдын 11-сентябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков кол койгон экологиялык стратегиялык келишимдин шарттарын кайра кароо ниети бар экенин жарыялаган.

Аталган документке ылайык, "Центерра" жылдык экологиялык төлөмдүн өлчөмүн 310 миң доллардан 3 миллион долларга чейин көтөрүп, жаратылышты коргоо фондуна 50 миллион доллар, онкологиялык борборго 10 миллион доллар которууга макул болгон.

Казылган кенди толтуруу коруна жыл сайын 6 миллион доллардан которуп туруу жагы да макулдашылган. Кыргызстандын өкмөтү анын ордуна 2013-жылы "Центеррага" койгон экологиялык 100 миллион долларлык доодон баш тартмак.

Чечимге ылайык былтыр онкологиялык кызматты колдоого инвестор убада кылган 10 миллион доллардын 7 миллиону которулган.

Кийинки келген Абылгазиевдин өкмөтү "Центерра" менен сүйлөшүүлөрдө кандай жыйынтыкка келгени белгисиз. Ал макулдашуунун шарттарын кайра кароо мөөнөтү эмнеге узартылганы боюнча дагы түшүндүрмө берген жок.

"Кумтөр" - Кыргызстандагы эң чоң алтын казуучу компаниялардын бири. Аны жыйырма беш жылдан бери канадалык "Центерра Голд" компаниясы иштетип келет. Андагы Кыргызстандын үлүшү башында 67 пайызды түзгөн, кийин 15 пайызга чейин түшүп, кайра 33 пайызга көтөрүлгөн. Учурда кыргыз өкмөтүнүн үлүшү 26 пайызды түзөт.

Булак: Борбордук Азия жаңылыктары

Последние новости