www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек-Ош унаа жолунун мамлекеттик дирекциясына караштуу Жалал-Абад курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мекемеси (Финполиция) кабарлады.

Тергөө учурунда аталган башкармалык 2015-жылдын 1-январынан 2017-жылдын 31-декабрына чейин мамлекетке 1 миллион 543 миң салыкты төкпөй койгону айтылууда.

Факт боюнча козголгон ишке Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренеси (“ири өлчөмдөгү салык төлөөдөн качуу”) коюлду. Тергөө уланууда. Финансы полициясы иликтөө менен катар мамлекетке келтирилген чыгашаны өндүрүү аракетин көрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости