www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түрк мамлекеттеринин уюмунун ролу бир топ жогорулады. Биз TDT өлкөлөрү менен ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани беребиз. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Самаркандда өткөн TDT саммитинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

«Биз кызматташуубузду мындан ары чыңдоого жана аны жаңы деңгээлге көтөрүүгө кызыкдарбыз. Түрк мамлекеттерин бириктирген уюмдардын пайда болуу тарыхы көрсөткөндөй, алардын көбү, анын ичинде ТҮРКСОЙ (Эл аралык Түрк маданияты уюму), ТүркПА (Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясы) жана Түрк академиясы Казакстандын демилгеси менен түзүлгөн. Бул уюмдар боордош элдерибиздин маданий жана руханий жакындашуусуна чыныгы дирижер болуп калышты», - деди мамлекет башчысы.

Ал бүткүл дүйнө коомчулугуна түрк дүйнөсүндөгү интеграцияны бекемдөө боюнча жасалып жаткан иштердин көлөмүн көрсөтүүнү сунуштады. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, бул ишти алдыңкы эл аралык агенттиктердин жана өлкөлөрдүн массалык маалымат каражаттарынын катышуусу менен ишке ашырууга болот.

Уюмдун иши, анын пикиринде, дипломатиялык саммиттер жана жыйынтыктоочу документтерге кол коюлган жолугушуулар менен чектелбеши керек.

«TDT түрк дүйнөсүн бириктирген жана жакындаткан таасирдүү аянтчага айланышы керек деп эсептейм», - дейт президент.

Токаев Казакстан түрк мамлекеттеринин достук жана жакшы коңшулук мамилелерин чыңдоого жана кеңейтүүгө чоң салым кошуп жатканын белгиледи. «Түрк дүйнөсүнүн келечеги – 2040» программалык документи мунун ачык мисалы.

«Бүгүн аны ишке ашыруу үчүн Түрк мамлекеттер уюмунун стратегиясы кабыл алынат.

Бул документ өлкөлөрүбүздү бириктирген туруктуулук алкагын, өз ара кызматташтыкты чыңдоого кызмат кылары шексиз. Андыктан биздин кызматташтыгыбыз ийгиликтүү болот деп айтууга толук негиз бар. Биз аймактык жана глобалдык күн тартибиндеги маселелерди чечүүгө активдүү катышуу менен күчтүү жана таасирдүү күчкө айланышыбыз керек. Учурдагы геосаясий жана геоэкономикалык карама-каршылыктар Евразия континентинин экономикасына жана транспорттук-логистикалык системасына терс таасирин тийгизүүдө. Биз бардык чакырыктарга жана коркунучтарга чогуу каршы туруу үчүн тилектештикти көрсөтүшүбүз керек», - деди Токаев.

Сөзүн улантып, ал Казакстан бардык өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгүн бекем колдой турганын билдирди. Бирок ал кайсы өлкө жөнүндө болуп жатканын тактаган жок.

«Казакстан бардык өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгүн бекем колдойт, ошондой эле БУУнун Уставын так сактоо зарыл деп эсептейт. Бул биздин өлкөбүздүн негизги таламдарына толук жооп берген зарыл принцип. Ошондуктан биз бул принципке артыкчылык беребиз», - дейт Казакстандын президенти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости