www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казак-орус мамилесинде пессимисттик божомолдорго негиз жок. Бул тууралуу Орусия лидери Владимир Путин жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Сочидеги жолугушуусунда айтылганын Sputnik Казакстан жазды.

"Геосаясий кырдаал бири-бирибиз менен өз ара иш алып барып, алаканы андан ары алып кетүү үчүн өкмөттөргө кошумча тапшырма берүү зарылдыгын айтып жатат. Азыркы жашоо бизге чечиш керек болгон жаңы тапшырмаларды берүүдө. Негизинен биздин кызматташуунун өнүгүп жатканы боюнча канааттанууга негиз бар", — деген Токаев.

Ал Казакстан менен Орусияны дүйнөдөгү кургактык боюнча эң узун чек ара бириктирип турарын айткан.

“Айтмакчы, чек ара толугу менен делимитация болгон. Андыктан биздин келечектеги мамилебизде пессимисттик божомолдорду жасоого, албетте, негиз жок. Мен дагы биздин эки тараптуу кызматташуунун бардык тармактарына кошумча динамика берүүгө ниет кылып турам", — деген Токаев.

Ошондой эле Путинди КМШ мамлекеттеринин Казакстанда октябрь айында боло турган саммитине чакырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости