www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев нааразычылык акцияларын өткөрүүнүн жол-жобосун жөнөкөйлөштүргөн мыйзамга кол койду. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.

“Казакстанда тынчтык митингдерин уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиптери” мыйзамына казак парламенти өзгөртүүлөрдү киргизген. Эми митинг  өткөрүү үчүн акимчиликтердин макулдугу зарыл эмес. Болгону иш-чара тууралуу кабар берип коюу жетиштүү", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Казакстанда кийинки жылдары өкмөткө каршы бир катар нааразылык акциялары өттү жана ал ондогон адамдын камалышы, көчөгө чыккандардын кууп таратылышы, соттук жараяндар менен аяктады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости