www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарында Кытай АКШ менен Японияны артка калтырып, медалдардын саны боюнча кайрадан биринчи орунда келүүдө.

 

Бүгүн, 31-июль Бишкек убактысы боюнча саат 08:00гө карата Кытай 19 алтын, 10 күмүш жана 11 коло медалы менен биринчи орунда. Экинчи орунга Япония 17 алтын, 4 күмүш, 7 коло медалы менен жайгашса, АКШ 15 алтын, 17 күмүш жана 11 колосу менен үчүнчү орунга жайгашты.

Токио Олимпиадасы 2020-жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин өтүшү керек болчу. Пандемияга байланыштуу мелдеш бир жылга жылдырылып, эми 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтүүдө.

Олимпиадага Кыргыз өлкөсүнүн атынан 16 спортчу катышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости