www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустан улам "Токио-2020" олимпиадасынын өткөрүлүшү же токтотулушу май айында каралат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Эл аралык Олимпиада комитетинин мүчөсү Ричард Паунддун берген маалыматына таянып жазып чыкты.

Анын айтканына таянсак, "Акыркы чечим эки айдын ичинде чечилет. Себеби май айында олимпиадага карата акыркы даярдыктар, тагыраагы коопсуздук кызматы, тамак-аш, мейманкана маселеси каралат, ошондой эле журналисттер да келе башташат. Эгер бул даярдыктарга тоскоолдуктар жаралса, анда олимпиаданы токтотуу маселеси май айында каралат. Бирок азырынча бардыгы план боюнча жүрүп жатат. Бардыгы бул олимпиада эч кандай маселесиз өтөт деп айтып жатышат. Ошондуктан олимпиадага катышчу спортчулар даярдыктарыңарды уланта бергиле", - деп билдирген Ричард

Белгилей кетсек, Кытайда жайылган коронавирус Японияга да тарап, вирусту жуктуруп алгандардын саны 862 адамга жетсе, 4 адам бул оорудан каза тапкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости