www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Согди облусундагы ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, милициянын генерал майору Абдулло Навжувоновдун “Баткен тажиктердин жери” деп айтканын тажик маалымат булактары жарыялады. Тажик генаралынын айткан сөзү эмнеден кабар берет?

- Согди облусунун ички иштер башкармалыгынын начальниги, кызматта турган генерал-майор Абдулло Навжувоновдун “Баткен облусунун аймагы биздин жер болчу” дегени чыны менен орунсуз болуп, тарыхты билбегенин далилдеп койду. Чынында ал кыргыздын жери. Аны тарыхыбыз да тастыктайт. Картада белгиленген аттарынын баары кыргызча. Ага карабай кыска ойлонуп, даражалуу кызматта турган адам ушинтип провокация кылып, акылга сыйбаган сөздү айтканы жакшы эмес. Генерал-майор Абдулло Навжувоновдун орунсуз сөзү үчүн Тажикстандын Кыргызстандагы элчисин Тышкы иштер министрлиги чакыртып алып, эскертүү берди. Эмомоли Рахмон мырзаны сыйлайм. Бирок, элди бөлүп, жарууга шарт түзгөн чиновникке катуу чара көрүп, жазалашы керек. Анткени, генералдын сөзү улуттар аралык жаңжалды жаратат. Ушундай адамдардын кесепетинен улуттар аралык жаңжал чыгат. Адамдар өлөт. Ошондой эле тажик генералынын сөзүнө жараша арабыздан Жерге-Тал менен Мургабды бергиле деп чыккан кыргыздар да болушу мүмкүн да. Хрущевдун убагында берилип кеткенине карабай. Чынында Кара деңиз кандай украиндерге берилип кетсе, учурунда Мургаб да ошондой тажиктерге берилип кеткен. Генерал кимдир бирөөнүн тапшырмасы менен ушундай сөздү айткан болсо да, жазасын алып, кызматтан кетиши керек. Болбосо, Тажикстандын жетекчиси атайын айттырган экен деген ойдо калабыз. Жазаласа, “туура, генерал ойлонбой сүйлөгөн сөзүнүн кесепетин тартты” деп ойлойбуз. Эки президент жолугуп жаткандан кийин ошол ынтымакты сыйлашы керек. Жок эле дегенде губернатор менен премьер-министрди жазалашы керек. Эмомали Рахмонду сыйлайбыз. Тажик элин бир тууган эл деп эсептейбиз. Бирок, мындай нерселерге мындан ары жол бербеши керек деп эсептейбиз.

Булак: "Майдан.kg"

Последние новости