www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык соту 10-мартта Токмок шаарынын мурдагы мэри Максат Нусувалиевге, мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы жетекчисине (Т.у.А.), техникалык көзөмөл боюнча мурдагы адиске (А.А.Э.) жана “Аль-Кадыр-Сантехсервис” ишканасынын башчысына (К.Т.Э.) чыккан райондук соттун өкүмүн жокко чыгарып, ишти райондук сотко кайра кароого жөнөттү.

Алардын баары теӊ камактан бошотулуп, үй камагына чыгарылды. Маалыматты 11-мартта Бишкек шаардык соту ырастады.

Бишкектин Октябрь райондук соту 2025-жылдын ноябрь айында Максат Нусувалиевди 13 жылга кескен. Дагы үч шектүүнүн (К. Т. Э, Т. у. А. жана И. Г. Ж.) ар бири 12 жылдан эркиндигинен ажыратылып, дагы бир шектүү (А. А. Ж.) 11 жылга соттолгон. Сот андан тышкары алардын мүлкүн конфискация кылган.
Максат Нусувалиев жана башка шектүүлөр былтыр 24-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиевдин буйругу менен Токмокто жыйын учурунда кармалган.

Аларга “Токмокто сейил бакты көрктөндүрүү, шаардагы спорт мектебин оңдоо иштеринде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана коррупциялык иштерди жасаган” деген айып тагылып, Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен иш козголгон.

Максат Нусувалиев Токмок шаарынын мэри кызматына 2023-жылы май айында дайындалган. Ага чейин Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору болуп иштеген.

Последние новости