www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москальковага кыргызстандыктарга колдоо көрсөтүүнү суранып кайрылды.
Маалыматка караганда, Мамытов кырсыктан жабыркаган кыргызстандыктардын укугун коргоо маселесин козгогон.
“Биздин жарандарга укуктук колдоо көрсөтүү жана социалдык төлөмдөр боюнча маселени өз көзөмөлүңүзгө алууну суранам. Ошондой эле тергөө органдарынын күнөөлүүлөрдү аныктап, компенсация төлөнүшү керектигин белгилегим келет”, - деп айтылат акыйкатчынын катында.
Эске салсак, 27-сентябрь күнү Москва облусунун Ступино шаарындагы FM LOGISTIC логистикалык ишканасында (кампа комплекси) жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, 51 кыргыз жараны жабыркаган.
Анын ичинен төрт мекендештин абалы оор. Каза болгондор катталган эмес.
Булак: NazarNews.kg