www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өкмөт үйүндө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 28-сентябрда онлайн маалымат жыйын берүүдө.
Үсөнбаевдин айтымында, кийинки этапта 2-6-класска чейин окуучуларга мектепке барууга уруксат берүү боюнча даярдыктар көрүлүп жатат.
Министрдин орун басарына “Жеке менчик бала бакчалар эрежени сактоо менен иштеп жатат. Мамлекетке караштуу бала бакчаларга эрежени катуу коюп иштете берсе болбойбу?” деген суроо берилди.
Үсөнбаев: “Бүгүнкү күндө социалдык объекттерди ишке киргизүү боюнча бир нече этаптан турган атайын пландар кабыл алынган. Ошого жараша иштерди алып барып жатабыз. Бүгүнкү күндө Билим берүү жана илим министрлиги менен чогуу иштеп алгоритмди карап жатабыз. Мамлекеттик бала бакчага бара турган балдардын саны көп, бул маселе планга киргизилген. Мектеп боюнча маселе көтөрүлүп жатат. Кийинки этапта 2-6-класска чейинки окуучуларды санитардык нормаларды сактап, мектепке уруксат бергенге даярдык көрүлүп жатат. Эпидемиялык абалды эске алабыз”, – дейт.
Белгилей кетсек, бүгүн, 28-сентябрда коронавирустун жайылуусуна байланыштуу Баткен облусунда санитардык-эпидемиологиялык чектөөлөр күчөтүлүп, коомдук транспорттор токтоулганы маалым болду.
Булак: NazarNews.kg